24.09.2018 18:29

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов дагы бир айга камакта калтырылды

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов дагы бир айга камакта калтырылды

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов дагы бир айга камакка калтырылды. Бул туурасында April.kg порталына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Слесаревдин айтымында, бүгүн, 24-сентябрда Биринчи май райсотунда Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу каралып, мурунку калаа башчыны УКМКнын тергөө абагында 28-октябрга чейин кармап туруу чечими чыкты.  

«Кубанычбек Кулматов үчүн мыйзам иштебейт. Акыйкаттуулук, ар тараптуулук жана калыстык дегендер да ал үчүн эмес. Кубанычбек Кулматов үчүн бир гана нерсе бар - ал камакта кармоо. Биз бул токтом боюнча жогорку инстанцияга арызданабыз», — деди Сергей Слесарев.